Ошто казылган жерде иштеп жаткан 4 адамды топурак басып, 1 киши каза болду (сүрөт)

Бүгүн, 10-июлда Ош шаарында таза суу түтүгүн коюу үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан жумушчуларды топурак басып калды. Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен бир жумушчу каза болду. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Шаардагы Биринчи Май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калган. Окуя болгон жерге Ош шаардык ӨКМнын башкармалыгынан ыкчам топ, куткаруу кызматынан 8 куткаруучу, тартылган. Көрүлгөн чаралардын алкагында 3 адам куткарылса, тилекке каршы, 1 адам каза болду (аты-жөндөрү такталууда). Жаракат алган 3 жаран "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген, абалдары туруктуу. Ал эми каза болгон жарандын жансыз денеси ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ferum96
2020-07-10 20:30:33
Аллах оз ырахматына алып, сурагын женил кылсын
+3
ilgizk
2020-07-10 22:35:42
Өзбектер уйунорду жолго саласынар,жолду кысканда эмне,батпай каласынарбы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан