Бүгүн, 11-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылкы жайкы Олимпиада оюндары өтө турган шаар болуп Токио шаары тандалганына байланыштуу аталган өлкөгө куттуктоо жөнөттү. Куттуктоо Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин дарегине жиберилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.