Ош шаарында каналга түшүп кеткен 32 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. ӨКМнын маалыматына ылайык, маркумдун денеси бүгүн, 12-июлда саат 15:15те табылды.
"11-июль күнү саат 19:30 чамасында Амир Тимур кичи районунда жайгашкан Южный каналына 1988-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Бүгүн издөө иш-чаралары саат 07:15те башталып, ага 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган. Саат 15:15те маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.