Интернетке депутат Максат Сабировдун билдирүүсү делинген аудио тарады. УКМКнын маалымат кызматынан тарап жаткан билдирүү боюнча тергөө иштери башталганын бүгүн, 12-июлда кабарлашты.
"Депутат Максат Сабировдун билдирүүсү делген аудио боюнча териштирүү иши башталды. Кайрылууда өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырык ташталганы боюнча экспертиза дайындалат. Анын жыйынтыгына ылайык юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.