Нарын облусунун Жумгал районунда бычактан жаракат алган жаран каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-июль күнү саат 21:00 чамасында Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Урмат аттуу жаран телефон чалып, Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында бир адамды белгисиз жигит бычак менен сайганын айтып, маалымат берген.
Аталган билдирүүнү Жумгал РИИБи каттоого алып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын 1991-жылы туулган тургуну А.З. мас абалында талаадан ошол эле айылдын 1980-жылы туулган З.У. аттуу тургунун бычак менен сол санына сайган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.
Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Жумгал РИИБи бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.