Royal компаниясынан медикаменттер жана жеке коргонуучу каражаттары



Royal
курулуш компаниясы Кыргыз өлкөсүнүн ооруканаларына жана стационардык мекемелерине зарыл болгон медикаменттерди жана жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн 1 миллион 500 миң сом бөлүп берди.

Аталган каражатты берүү иш-чарасы курулуш компаниянын кеңсесинде башкы директор Мирлан Акжигитовдун жетекчилиги астында өттү:

"Ушундай кыйын кырдаалда кыргызстандыктарды колдоо биз үчүн өтө маанилүү жана берилген жардам кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калууга себепкер болорун түшүнүп турабыз. Ошондуктан биз четте карап тура албайбыз, дайыма жарандарыбызга колдоо көрсөтүп келебиз. Булар жеке коргонуучу каражаттарга жана медикаменттерге өтө муктаж болгон медициналык мекемелерге берилмекчи. Баарыбыз биргеликте, ынтымакта оор кырдаалдан чыгып кетүүгө ишенебиз", - деп кошумчалады компаниянын башкы директору Мирлан Акжигитов.

Берилген каражат борбор калаанын жана аймактардын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет. Көзөмөл жана мониторинг волонтёрдук кыймыл тарабынан жүргүзүлөт.

Аталган каражатты чогултуу иш-чарасына компаниянын кызматкерлери жана өнөктөштөрү катышты.

Компаниянын социалдык демилгелери дайыма өткөрүлүп турат: буга чейин компания медицина кызматкеринин кесиптик майрамына карата батир бериле тургандыгын маалымдаган, мындан тышкары карантин киргизилген убакыттан тартып жарандарга азык-түлүк топтом түрүндө колдоо көрсөтүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан