БИРГЕ ЖЕҢЕБИЗ! FINCA Банк коронавируска каршы күрөшүүгө кошумча 800 миң сом бөлдү

Мурда кабарлангандай, ушул жылдын май айында FINCA Банк адамдын дем алуу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн арналган медициналык жабдууларды сатып алууга 3 миллион сом бөлгөн. 40 медициналык техника өлкөбүздүн ооруканаларына бөлүнүп, жарандарыбыздын өмүрүн сактоого кызмат кылууда.
Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кеткенине байланыштуу FINCA Банк Кыргызстан Банктар союзунун медициналык техникаларды сатып алууга каражаттарды чогултуу боюнча демилгесин колдоп, кошумча 800 миң сом бөлдү.

Чогулган каражаттарга Кыргызстан Банктары тарабынан өмүрдү сактап калууга маанилүү өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары жана кычкылтек концентраторлору сатып алынат.

Достор, өлкөбүз үчүн кыйын болуп турган ушундай күндөрдө биргеликте аракет кылуу гана коронавирус деген апааттан сактанып калууга өбөлгө болот!

Өзүңөрдү сактагыла, коронавирустун алдын алгыла жана мүмкүнчүлүк болсо үйдө калыңыздар!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан