Орозбек Дүйшеев: "Тоо-кен тармагында кадр тандоодон жана башаламандыктан улам ири каталыктарга жол берилип жатат"

Суроо: Орозбек Дүйшеевич, өлкөбүздөгү шартка байланыштуу өкмөттүн 2019-жылдык отчёту Жогорку Кеӊеште май айында каралып кабыл алынды. Баяндамада айтылгандай, тоо-кен тармагынын жетишкендиктерине байланыштуу өткөн жылы жалпы дүӊ продукциянын өсүшү 4,5 пайызды түзүптүр. Бул тармактын адиси катары түшүндүрүп берсеӊиз.

Жооп: Кийинки жылдары (2017-2018 жылдары) өлкөбүздө тоо-кен тармагына жогорку бийликтер тарабынан көӊүл бурула башталды. Ошондуктан сиздин суроого жооп берүүнүн башында бул тармактын өнүгүү тарыхына кыскача токтоло кетели.

Кыргызстан табигый байлыктары жетиштүү өлкөлөрдүн эсебине кирет, айрыкча тоо-кен жана суу-энергетикалык байлыктар боюнча алдыӊкы катарда турат. Өткөн кылымда, Советтик доорунда, бул байлыктарды туура пайдалануунун натыйжасында Союздагы өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстандын экономикасы тездик менен өсүп, өткөн кылымдын 80-жылдарында алдыӊкы өнүккөн айыл-чарбалуу, өнөр жайлуу өлкөгө айланган. 1990-жылдын жыйынтыгы менен жан башына өндүрүлгөн ички дүӊ продукция боюнча 15 союздук республикалардын ичинде 4-орунга, Орто Азиядагы өлкөлөрдүн арасында биринчи орунга (ар бир жанга 3280 доллар) чыкканбыз. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, статистика көрсөткөндөй, 1200-1300 доллар өндүрүп, коӊшу өлкөлөрдүн тизмесинде эӊ акыркы орунга түшүп калдык.

Тоо-кен тармагын өстүрүүдө геологиялык изилдөөлөр жана чалгындоо иштерине айрыкча көӊүл бурулат. Советтик доордо бул максатта жылына 50-60 миллион доллар жумшалып, кендердин эсептелген кору жетиштүү болгон. Өлкөбүздө көптөгөн кендер боюнча дүйнөгө белгилүү болгон ири тоо-кен ишканалары пайда болгон. Кийинки статистикалык отчёттордо көрсөтүлгөндөй, өлкөбүз көз карандысыз башкарууга өткөндөн баштап, жылына геологиялык чалгындоого бюджеттен 30 миллион сом же 0,5 миллион доллар бөлүнөт экен, демек бул тармактын келечегине кайдыгерлик мамиле дегенди түшүндүрөт.

Өткөн кылымдын 60-80-жылдарында Кыргызстандын геологдору өлкөбүздүн тоолорунан көптөгөн алтын кендерин ачышкан. Биринчилерден болуп «Макмал» алтын комбинаты 1986-жылы ишке кирген. 1988-90 жылдары тоо-кен адистери, илимпоздору, Союздагы ири Ортомашина куруу («Атомредметзолото») министрлигинин адистери менен биргелешип Кыргызстанда алтын кендерин өздөштүрүүнүн концепциясын түзүп чыгышкан. Бул программалык документти 1990-жылы Кыргыз өкмөтүндө жактырылган. 1991-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кабинет министрлигинин «Кыргыз Республикасында алтын кендерин өздөштүрүүнү тездетүү, товардык алтынды чыгаруу» атындагы №540/10 токтомуна Кыргызстандын көз карандысыз башкарууга өткөндөн кийинки биринчи Өкмөт башчысы Исанов Насирдин кол койгон. Бул токтомдо ири кендерден «Жерүй» алтын комбинатынын курулушу «Южполиметалл» бирикмесине, «Талды-Булак-Сол жээги» алтын кениндеги комбинаттын курулушун «Кыргыззолото» бирикмесине тапшырылган. Калган майда алтын кендери да айрым тоо-кен ишканаларына бекитилген. Бул Кыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүүдөгү көп жылдык программалык документ болгон. Кейиштүүсү, 1991-жылы 29-ноябрда Исанов Насирдин автокырсыкта каза болуп, бул программалык документтин аткарылышы көзөмөлдөнбөй калган.

Бул жылдары Кыргызстанда эл аралык аферист Борис Бирштейн пайда болуп, аны Аскар Акаев Ак Үйдүн жетинчи кабатындагы өзүнүн кабинетинин жанынан орун берип, Кыргыз Республикасынын реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасына дайындалганы элге жарыя болгон. 1992-жылы «Кыргызалтын» мамлекеттик концерни уюшулуп, бул уюмга Кыргызстандагы ири комбинаттарды бириктирип, алтын өндүрүшүн өстүрүү аракетин жүргүзүшөт.

1992-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №648 токтому менен дүйнөлүк эң чоӊ кору бар «Кумтөр» алтын кени Канадалык «Камеко» компаниясы менен Торонто шаарында 1992-жылдын 4-декабрында «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгөн генералдык келишим бекитилет (п.4), «Кыргыззолото» бирикмеси жоюлат (п.2), 1991-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлигинин №540/10 токтому күчүн жоготот (п.9). 1993-жылдын 17-июнундагы №266 өкмөттүн токтому менен «Жерүй» алтын кенин өздөштүрүү боюнча түзүлгөн мамконцерни «Кыргызалтын» менен америкалык «Мориссон-Кнудссен Голд» компаниясы кол койгон генералдык келишим бекитилген. Ошентип жогоруда көрсөтүлгөн өкмөттүн эки токтому менен Кыргыз Республикасынын менчиги болгон, эсептелинген алтын кендердин 80 пайызын түзгөн корун (запасын) чет элдик инвесторлорго кармата беришип, кыргыздын кен байлыктарын таламайга жол ачышкан. 1993-жылы Кыргызстандын үч облусунда жана Казахстандын үч облусунда жайгашкан ишканалары бар союздук ири ишканалардын алдыӊкыларынын (ПО «Южполиметал») Бишкек шаарындагы офисинен ажыратышып, Кара-Балта шаарына көчүрүү менен бул комбинатын алсыздандыруу саясатын жүргүзүшкөн.

Тоо-кен тармагындагы мындай баш аламандык Жогорку Кеӊеште «Алтын маселеси» атында депутаттык комиссия түзүлүп, талкууланып, премьер-министр Турсунбек Чынгышевди бул кызматтан кетүүгө аргасыз кылган. Анын ордуна келген Апас Джумагулов чет элдик консультанттардын сунуштарын аткарууга аргасыз болгон. Чет элдик «консультанттар» өлкөбүздөгү адис-профессионалдарды мамлекеттик жооптуу кызматтарга тартууга катуу бөгөт коюшкан. Кыргыз Республикасында татаал өндүрүш – тоо-кен тармагы боюнча мамлекеттик сабатсыз, элдин кызыкчылыгына каршы саясат башталып, катары менен 1992-1993- жылдарды айтсак туура болот.

Кыргыз Республикасынын ошол кездеги элдин кызыкчылыгына каршы жүргүзүлүп жаткан саясатына элибиздин атуулдары ачык ойлорун айтышып, бул саясатты оӊдоого көп аракеттерин жүргүзүшкөн. Аларга мисал катары эгемендүү өлкөбүздүн Жогорку Кеӊештин биринчи чакырылышындагы депутаттардын Усубалиев, Мамбетов башында турган «Алтын комиссиясы», ошондой эле Жогорку Кеӊештин II чакырылышындагы мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты А.Масалиев башында турган «Элкомсоц» фракциянын депутаттары (2000-2005 жылдары), эки жолу парламенттик угуу өткөзүп, үч жолу сессияда карап, бийликтегилердин арамза, элге каршы иштерине чечкиндүү каршылык көрсөтүшкөн. Кыргызстандын тоо-кенчилери 1996-жылы, адис-профессионалдарды бириктирген Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдор Ассоцияцианы түзүшүп, 1997-жылы биринчи съездин чечиминде жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка сабатсыз, элдин кызыкчылыгына каршы экендигин далилдешкен.

Суроо: Кыргызстандын эӊ ири алтын кени болуп эсептелген «Кумтөр» алтын кени боюнча ой бөлүшө кетсеңиз.

Жооп: Кыргызстандагы эгемендүү өлкөбүздү башкаруудагы тоо-кен өндүрүшүндөгү айрым бийлик өкүлдөрүнүн жүргүзгөн саясатын Кыргызстанды ири эки алтын кендерин өздөштүрүүдөгү жүргүзүлгөн иш чаралардын мисалдарынан көрүүгө болот. «Кумтөр» алтын кени алтындын кору боюнча дүйнөлүк ири кендердин эсебине кирет. 1997-жылы ишке кирген, өткөн 23 жылдын аралыгында дүйнөдөгү ири тоо-кен өндүрүшүнө айланды. Бул кенди өздөштүрүүдө ар кандай саясий жана уюштуруу иштеринде каталыктар кетирилгендиги элибизге белгилүү. Эл арасында ар кандай талкуулар жаралган. Ассоциациянын адистери бул кен боюнча эбегейсиз көп иштер жүргүзүп, бул комбинаттын өнүгүү жолун үч этапка бөлүп, кенен жыйынтык чыгарган. Аларга кыскача токтоло кетели.

Биринчи этап: 1997-2003-жылдар (7 жыл) «Кумтор Голд Компани» (КГК) 1993-1994-жылдары түзүлгөн Генералдык келишимдин жетектөөсүндө иштеп, Кыргызстандын бюджетине жылына орточо 11,7 миллион доллар которуп турган, бул өтө аз, 2004-жылдын башында курулушка жумшалган кредитин толук кутула элек болгон.

Экинчи этап: 2004-2007-жылдар (4 жыл), бул жылдары КГК 2003-жылдын 31-декабрында Н.Танаев башында турган өкмөт кабыл алган Токтомдун негизинде бекитилген келишимдин (реструктуризация) жетектөөсүндө иштеген. Бул документтин негизинде КГК толугу менен жаңы түзүлгөн «Центерра Голд ИНК» аттуу чет элдик акционердик коомго өтүп кеткен. Өкмөттүн бул токтомуна Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын 2004-жылдын 25-июлундагы №699-2 токтомунда:

«1) Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтомун Кыргыз Республикасынын Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын бузуу менен кабыл алышкан деп эсептелсин» деген баа берилген.

Бул жылдары өлкөбүздө карама-каршылыктар күчөп, 2005-жылы март айында өлкө Президенти Аскар Акаев чет элге качып кетүүгө аргасыз болгон. Өлкөбүзгө жаӊы келген бийлик 2007-жылы май айында өкмөттүн №251 буйругу менен «Кумтөралтын» комбинатынын Кыргызстанга экономикалык эффективдүүлүгүн көбөйтүү, анын ишмердүүлүгүндө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдоо тапшырмасы менен эксперттик топ түзүлөт. Бул топ көптөгөн «Кумтөр» боюнча материалдарды изилдеп, жаӊыча келишимдин долбоорун сунуштап, өкмөттө жактырылып, бул келишимди бекитүүгө Жогорку Кеӊешке жөнөтүлгөн. Баяндамачы болуп тоо-кен инженери, эксперттик топтун мүчөсү О.Дуйшеев сунушталган. Бул маселе Жогорку Кеӊештин жыйынын 4 күн талкууланып (октябрь 2007-жылы) толук жактырылып, бир жуманын ичинде Жогорку Кеӊештин III чакырылышындагы депутаттардын убактысынан мурда таратылышына байланыштуу, жаӊы шайланган Жогорку Кеӊештин IV чакырылышындагы депутаттар тарабына 2009-жылдын апрель айында бекитилип 2008-жылдын январынан ишке кирген. Бул келишимдин ишке кириши менен КГК уюштуруу иштери бир топ өзгөргөн. КГК жетекчилери Кыргызстандын улуттук адис-профессионалдары менен тыгыз байланышта иштөөсүнө жол ачылган. Ассоциациянын адистери комбинаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди тереӊ изилдөө иштерин жүргүзүшүп, 2018-жылы КГК ишмердүүлүгүн башкармалыктын кеӊейтилген заседаниясында карап, жакшы ийгиликтерге жетишкендигине күбө болушту. Салыштырмалуу мааниде элге түшүндүрүү максатында комбинаттын 22 жылдык ишмердүүлүгүн эки срокко бөлүп таблицага келтирдик.

№ п.п.

Көрсөткүчтөр

Биринчи 11 жылдык

(1997-2007-жж.)

Экинчи 11 жылдык

(2008-2018 жж.)

Экинчи 11 жылдык биринчи 11 жылдыкка кара

Баары

Орточо бир жылда

Баары

Орточо бир жылда

1.

Өндүрүлгөн алтын, кг

191051

173368,3

182163,6

16560,3

95,0

2.

Алтынды сатуудан түшкөн доход, млн.$

2186,4

202,1

7323,9

665,8

3,3 эсе

3.

Республикалык бюджетке түшкөн акча (төлөмдөр), млн.$

204,0

18,3

1311,4

119,2

6,4 эсе

4.

Кыргызстанда калган акчалай төлөмдөр (айлык акы, башка сатып алуулар), млн.$

753,7

64,88

2815,2

176,5

4,8 эсе

5.

Инвестициялар млн.$

276,3

25,1

2 224,5

202,2

8,1эсе

6.

Геологиялык чалгындоого жумшалган, млн.$

51,2

4,35

67,1

6,1

114,0

Таблица көрсөткөндөй экинчи он бир жылдыкта «Кумтөралтын» комбинатынын Кыргызстан үчүн экономикалык эффектүүлүгү чоӊ өсүшкө жетишкен. Маселен: орточо жылдык киреше 3,3 эсе көбөйсө мамлекеттик бюджетке төлөмдөр 6,4 эсеге, Кыргызстанда жалпы төлөмдөр 4,8 эсеге, инвестиция 8,1 эсеге өскөн. Мындан тышкары Ыссык-Көл өнүгүү фондусуна жылдык валовой кирешеден 1,0% төлөнүп турат, көптөгөн маданий, башка жардамдарга да жетиштүү жардам беришүүдө. «Кумтөралтын» комбинаты боюнча түзүлгөн жаңыча келишим 2007-жылы түзүлүп, 2009-жылы бекитилгени туура болгондугун далилдеди, бул комбинат боюнча мамлекеттик саясат өзгөрдү. Бул иштерде коомдук уюм тоо-кенчилер Ассоциациянын адистеринин ролу алдыңкы орунда экенин жалпы элибизде урматтоо менен айтылууда. Буга мисал катары 2019-жылдын февраль айында өткөзүлгөн Тегерек үстөлдө Ыссык-Көлдүк жарандардын «Кумтөралтын» кени тууралуу айтылган сөздөрү далил болот. Бүгүнкү күндө «Кумтөралтын» комбинаты (КГК) Орто-Азиядагы тоо-кен ишканалардын алдыңкыларынын эсебине кирет. Иштеп жаткан адамдардын 97пайызы Кыргыз Республикасынын жарандары, кадрларды тарбиялоодо, тандоодо чоң ийгиликтерге жетишүүдө, өндүрүштөгү маданият, областтын жашоочулары жана өндүрүштөгү мамилелери жакшы жолго коюлган.

Суроо: «Жерүй» кениндеги бүгүнкү акыбал жөнүндө да кыскача токтоло кетсеӊиз.

Жооп: «Жерүй» алтын кени боюнча бул макаланын башында айтылгандай Кыргыз өкмөтүнүн 1991-жылдын 11-ноябрында №540/10 токтомун негизсиз бузуп, 1992-жылы америкалык «Мориссон-Кнудссен Голд» компаниясына берилип, алар 6 жыл эч иш жасабай 1996-жылы лицензияны кайрып берген. 1998-жылы Кыргыз өкмөтү дүйнөгө белгилүү көптөгөн ири тоо-кен компаниялардын арасынан жеке менчик «Оксус Ресурсерс Коорпорейшин» (Улуу Британия) менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 1999-жылдын декабрь айында «Талас Голд Майнинг» аттуу биргелешкен жабык акционердик коом түзүлөт: «Кыргызалтын» – 33,3%, «Норокс Майнинг Компани» – 66,67%. Бул компания 2000-2002-жылдары уюштуруу иштери менен алектенип, 2004-жылы алтын илгөөчү фабриканы курууга киришип, технологиялык шаймандарды чет элдиктерден алып келүүгө макулдашылып, келишимдер түзүлөт. 2004-жылдын башында аткаруу бийлигиндеги айрым чиновниктер менен карама-каршылыктар пайда болот.

2005-жылдын апрель айында президент Аскар Акаев өлкөдөн качып кетип, жаӊы өкмөтүнүн алдында өлкөнү реструктуризациялоо мамлекеттик агенттик (ЦАРИИ) түзүлөт, анын жетекчилигине Максим Бакиев бекитилет. Тоо-кен тармагын башкаруу ушул уюмга тапшырылат. 2006-жылдын май айында Кыргыз өкмөтүнүн №377 токтому менен эч белгисиз «Глобал Голд Холдинг» менен «Кыргызалтын» АК биргелешкен «Жерүйалтын» жабык акционердик коому түзүлөт («Кыргызалтын» 40%, инвестор – 60%). Иш жүзүндө 70% курулушу бүтүп, 2006-жылдын аягында ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн курулушту токтотуп, тоо-кен тармагына эбегейсиз зыян алып келген. Кыргыз өкмөтүнүн мындай акыйкатсыз мамилесине «Талас Голд майнинг» компаниясынын коллективи өлкөбүздүн адис-профессионалдарына, Талас элине, Жогорку Кеӊешке кайрылышкан. Кыргыз тоо-кен адистери жерине иштер менен таанышып, тоо-кен инженери, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын мүчөсү И.Айтматов баш болгон 12 адистер жогорку бийликтерге кайрылганбыз (10-март, 2006-жыл, №10). Талас эли 2006-жылдын март айында Бишкек шаарына келишим жыйын өткөзүшүп, 31-март айында премьер-министр Феликс Куловдун кабылдамысында болушкан. Жогорку Кеӊеш өкмөттүн №377 токтомун каршы чечим кабыл алгандыгы белгилүү.

Ошол учурдагы сабатсыз, коррупцияланган тоо-кен тармагы боюнча жүргүзүлгөн саясаттын жыйынтыгында 2010-жылдын апрелинде келген Убактылуу бийлик 2010-жылдын ноябрь айындагы №286 токтому менен ошол кездеги Жер казынасы (природных ресурсов) министрлигине мыйзам ченеминде «Жерүйалтын» жабык акционердик коомуна берилген лицензияларды кайрып алып, конкурстун негизинде инвесторлорду тандап, кен байлыктарды Кыргыз элинин пайдасына иш жүргүзүүгө тапшырма берилген. 2011-жылы арбитраждык териштирүүлөр жүргүзүлүп, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралып, Кыргызстандын пайдасына чечилген.

2014-жылдын октябрь айында өкмөттүн №450-Р буйругу менен комиссия түзүлүп «Жерүй» алтын кенин өздөштүрүүгө конкурс жарыяланган. 2015-жылдын май айындагы конкурстун жыйынтыгы менен конкурстун утуучусу болуп «Востокгеолодобыча» ЖЧКсы таанылган. Конкурстук комиссиянын курамында адис-профессионалдар болгон эмес. Тоо-кен адистери конкурстун чечими Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө конкурс жарыялангандын биринчи күнүнөн эле айтып келебиз. Тоо-кен тармагы кыргыз элинин энчиси, мамлакеттик менчик «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөн алтындын бүгүнкү күндөгү баасы менен 4,5-5,0 миллиард доллар киреше түшүп, анын 2,5-3,0 миллиард доллар таза киреше түшөрүн айтышууда. Бул таза кирешеден Кыргызстанда эч сумма калбайт, анткени уставдык капиталда Кыргызстандын үлүшү жок. Бул ири каталыктарды дайым айтып келебиз, жогорку бийликтерге жазып да жатабыз. Өткөн жылы март айында Россиянын президентинин визитине байланыштуу жаӊы шарт түзүлдү, бул орой каталыкты ондобосок эл арасындагы нааразычылык токтобоосу белгилүү.

Суроо: Өлкөбүздө 2019-жылдын 30-январында урматтуу президентибиз Сооронбай Шариповичтин демилгеси менен тоо-кен тармагы боюнча Коопсуздук кеӊештин жыйынында каралып, андагы чечимдерин аткарылышы быйыл 17-январда каралды. Ушул мамлекеттик чечимдер жөнүндө да токтоло кетсеӊиз.

Жооп: Биз жогоруда тоо-кен тармагынын өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүндөгү ролун жана бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу кыскача баяндама бердик. Абал өтө оор. Тоо-кен тармагы айрыкча татаал өндүрүш. Өлкөбүздөгү абалды тереӊ изилдеп жогорку бийлик органдарына 2018-жылы 6 пунктан турган кайрылуу жөнөткөнбүз. Ал кайрылуу менен таанышкандан кийин урматтуу президент Сооронбай Шарипович бул маселени өлкөбүздүн Коопсуздук кеӊешинде кароону чечкен. Мындай мамлекеттик жогорку деӊгээлде тоо-кен тармагын кароо кийинки эгемендик жылдарда биринчи жолу болгондугу да айрыкча мааниде болду. Жыйын жогорку деӊгээлде өтүп, эӊ манилүү жана келечектүү чечимдер кабыл алынды. Кыргыз эли, айрыкча тоо-кен тармагында иштешкен адистер, кызматкерлер жогорку деӊгээлдеги чакырык катары кабыл алышып өткөн жылы жакшы ийликтерди жаратышты. 2019-жылы экономиканын өсүшүн тоо-кен тармагы камсыз кылгандыгын өкүмөт өзүнүн отчётунда жазып чыгышты. Кейиштүүсү, Коопсуздук кеӊештин чечиминдеги келечектүү сунуштардын аткарылышы өтө төмөн экендигин быйылкы жылкы 17-январда өткөн Кеӊештин жыйынында өткөн жылдагы чечимдин аткарылышына «канааттандырарлык эмес» деген баанын берилиши аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигиндеги жооптуу кызматчыларды ойлонтууга убакыт жетти дегенди билгизет.

Тоо-кен тармагынын жалпы эле өлкөбүздүн табигый байлыктарын иштетүүдөгү ири каталыктарга жол беришинин негизги себеби: кадр тандоодогу кечирилгиз каталыктар, башаламандыктар экендигин белгилеп кетүүгө туура келет. Өндүрүштү адис-профессионалдар туура көрсөтмөлөрдү берүү менен өндүрүшкө илимдин алдыңкы технологияларды киргизүү мыйзам ченемдүү катары каралышы керек. Иш жүзүндө өлкөбүз эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап, мындай тартиптен баш тартканбыз. Ага төмөнкү мисалдарды келтирели. Тоо-кен тармагындагы адистештирилген өндүрүш «Кыргызкөмүрдө» кийинки 30 жылда 18 жетекчи алмашылып анын ичинде экөөсү гана тоо-кен адистиги бар адамдар болушкан. 1992-жылы уюштурулган «Кыргызалтын» акционердик коомунда башкарган 9 жетекчинин бир эле адамы тоо-кен тармагы боюнча адис болуп төрт эле ай башкарган . Бул эки өндүрүштүн абалы кандай экендигин элге белгилүү. «Кыргызалтынга» өлкөбүздөгү эӊ мыкты дүйнөгө белгилүү болгон тоо-кен ишканалары бириккен болчу. Бүгүнкү күндө бул мамлекеттик уюм уюштуручулукта кетирилген, каталыктардын негизинде жандоочу (посредник) уюмга айланды, иш жүзүндө тоо-кен тармагы боюнча өндүрүшү жокко эсе.

Урматтуу президенттин сунушу менен өткөрүлгөн мамлекеттик иш-чара болуп эсептелген Коопсуздук кеӊештин кош көӊүл болуп аткарылбай жаткандыгынын дагы бир себебине токтоло кетүүнү туура көрдүм. Өткөн жылы Коопсуздук кеӊешинин жыйынынын чечими жарыялангандан кийин массалык маалымат каржаттарында өлкөбүздөгү «бизнес-сообщество» аттуу түшүнүксүз жана белгисиз уюм өзүлөрүнүн 36 бөлүмдөн (пунктан) турган комментарийлерин жарыялашты. Ал комментарийлер өкмөттүн аппаратына жөнөтүлгөндүгүн да белгилүү болду, бирок бул түшүнүксүз комментарийлер боюнча аткаруу бийлиги тарабынан жооп жарыялаган жок. Биз тоо-кен адистери бул «чыгарма» менен таанышкандан кийин эмне максатта жазылгандыгына толук түшүнүп, мамлекеттик жогорку бийликтин чечимин аткарууга каршы жүргүзүлгөн үгүттөө катары баа бердик. Буга окшогон «чыгармачылык» иштерди чет элдик «консультанттар» Борис Бирштейн, андан кийинки Максим Бакиевдин группалары көп эле уюштурушуп элибизди бийликке каршы үгүттөгөнүн көргөнбүз. Аткаруу, мыйзам чыгаруу жана мамлекеттеги атайын уюмдар мындай элди бузууга багытталган иш-чараларга каршы иштөөгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан