"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы эпидемиологиялык абал кыйын учурда өлкөдөгү бардык автоунаа ээлерин колдоо максатында лоялдуулук программасынын бардык катышуучуларынын статусун «Алтын» деңгээлине көтөрөт. "Сапарыбыз бир" картасынын ээлери болгон унаа сүйүүчүлөрү 2020-жылдын июнь айы бою май куюучу жайдан же дүкөндөн кеминде 200 литр күйүүчү май куйган кардарлар лоялдуулук программасынын эң жогорку «Платина» статусун сактап калышат.
"Сапарыбыз бир" лоялдуулук бонустук программасынын эрежеси боюнча "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынан жана Drive Café дүкөндөрүнөн күйүүчү май жана ар кандай товар сатып алуу менен катышуучунун картасына балл которулат. Ал баллды кардар кийин май куюучу жайдан алган бардык товарга төлөм жүргүзүүдө 1 балл=1сом деген эсеп менен колдоно алат.
"Алтын" статусуна ээ болгон учурда упайлар кандайча ыйгарылат:
- Премиум G-Drive күйүүчү майын сатып алууда кардардын лоялдуулук картасына сатып алынган күйүүчү майдын ар бир литринен 1 балл кайтарылат;
- Кадимки күйүүчү май же суюлтулган көмүр суутектүү газын сатып алгандардын лоялдуулук картасына күйүүчү майдын ар бир литринен 0.75 балл кайтарылат;
- Май куюучу жайлар тармагындагы дүкөндөн жана Drive Café дүкөнүнөн кошо товар сатып алууда лоялдуулук картага сарпталган ар бир 50 сом үчүн 1 балл кардарга кайтарылат.
Бир ай бою лоялдуулук программасынын катышуучулары европалык стандарттагы Орусиянын жогорку сапаттагы күйүүчү майын максималдуу пайда көрүү менен менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Маалымат үчүн:
Кыргыз өлкөсүндөгү "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагынын "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - бул кардарга компаниянын ар түрдүү продукциясын пайда көрүү менен сатып алуу жана лоялдуулук картасына балл топтоо мүмкүнчүлүгүн берет. Андан тышкары атайын акцияларга катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Алынган упайлардын саны картанын статусуна жараша болот: "Күмүш", "Алтын", "Платина". Картанын статусу бир ай бою «Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагынан унаага куйган күйүүчү майдын көлөмү менен аныкталат.
Аталган программага катышуу үчүн "Газпромнефть" май куюучу жайларынан лоялдуулук картасын сатып алып, атайын анкетаны толтурууңуз керек.