Милициянын кайгуул кызматы мыйзамсыз дары саткан жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-июль күнү Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ахунбаев менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде Б.Б. аттуу жаран болжол менен баасы 2 миң сом болгон дарыны белгисиз жаран 6 миң сомго сатып, алдап кеткендигин кабарлаган.
Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында кылмыштын изи сууй электе 1989-жылы туулган С.О. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.