Бишкекте тоноочулукка шектүү жарандар кармалды

Бишкекте тоноочулукка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 11-июлда Юнусалиев жана Сүйөркүлов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жигит шаар тургунуна кол салышкан. Тапанча менен коркутуп, баасы 5 миң сомдук Редми үлгүсүндөгү телефонун алып, андан соң изин жашырып кетишкен. Ал эми жабырлануучу милиция кызматына кайрылган.

"Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "каракчылык" беренеси менен катталган. Ошол эле күнү Октябрь РИИБинин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. Алар 1997-жылы туулган А.А. жана 1999-жылы туулган А.А. бир тууган ага-ини болушкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Териштирүү учурунда кармалгандар жабырлануучуну оюнчук тапанча менен коркутушканы маалым болгон. Шектүүлөр андан соң телефонду өз ыктыяры менен тергөөчүгө өткөрүп беришкен. Ал шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына бошотулган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2020-07-14 20:07:27
Ушундай балдарды камап алып багып отура бербей кен казганга,курулушка,көчө тазалаганга 12 сааттан иштетсе кичине болсо да пайдасы тиймек.Шаардагы туалеттерди жуудуруп.
+2
XATSAN125
2020-07-14 20:36:16
Сойруктор тапанчаны тазараак кармаганды уйронушуп алып анан адам тоношпойбу десен шалтуруктар
+2
assanov97
2020-07-14 21:28:29
XATSAN125,калпле башка тапанча болсо керек
0
assanov97
2020-07-14 21:28:46
XATSAN125, калпле оюнчук деп койдуда
0
Raihan0602
2020-07-15 08:47:06
Акмактар эмитен мындай тоноочулука барып жатышса кийин жан койбойт го булар дагы бир туугандар имиш агасы инисине үйрөткөн тарбиясы ата энеңерге наалат айбандар тигил тоноткон адам канча стресс алды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан