"Бул сыноолор өтөт, кетет, жамандын артынан жакшы келет". Султан Садыралиев, Гүлнур Сатылганова, Анжелика жана башка эстрада жылдыздарынан жаңы чыгарма

Кыргыз эстрадасынын жылдыздары "Адамга адам керек" аталышындагы чыгарма жаздырып, клип тарттырышты. Ырдын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Султан Садыралиевге таандык.

Султан Садыралиевдин айтымында, обон бир ай мурда жазылган.

"Кылым карыткан кыргыз тарыхы далай сыноолорду башынан кечирген. Бирок биринде дагы баш ийип, тизе бүгүп, мизи майтарылып, багынган эмес! Кыргызстаным - жаныңда сени чын дилден сүйгөн, ар бир тоголок ташың үчүн жанын садага чапканга даяр уул, кыздарың турганда, кандай кыйынчылык болбосун бир муштумдай түйүлүп, жеңип чыгарынан эч кам санаба! Сенин жаркын келечегиң үчүн биз дайым биргебиз! Бизди бир гана максат бириктирет, ал - Кыргызстан!", - деген Садыралиев.

Чыгарманы эстрада жылдыздары Алтынай Нарбаева, Гүлнур Сатылганова, Токтобек Асаналиев, Султан Садыралиев, Урмат Усенов, Юлия Руцкая, Гүлжигит Калыков, Омар, Анжелика, Аваз Акимов, Жонни, Аско, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Курал Чокоев, Айпери Кубик кызы, Айганыш Абдиева, Нурмат Садыров, Максат Садырбеков, Макс Бегалиев, Толгонай Арзыкеева, Нурсултан Азыкбаев, Чолпон Талипбек, Кудайберди Айтбосунов жана Акбар Кубанычбеков аткарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
nur85
2020-07-14 21:02:49
Аябай таасирдүү жакшы ыр экен. Ырчылар да баары сонун үндүүлөр. Азаматсынар. Бири бирибизге керек болуп эле журолучу
0
Samatalibei
2020-07-14 22:28:54
Султан Садыралиев++++
+5
Bakbai
2020-07-14 23:01:57
Султан Садыралиев азаматсын
+4
Tymar
2020-07-14 23:02:51
Тенирим колдоп, тынчылык эле болсун
-7
Alinur96kg
2020-07-15 03:55:26
Позитивдуу жакшы ыр экен.Кыргыздар барбыз мамлекетибиз бар буйруса.Бирок купулдоп чыкчуу Бек агабыз жокко?
+3
Jelezo
2020-07-15 07:15:03
Аткарышкан деп оңдоп койгула
-1
pompowa
2020-07-15 09:53:15
куч бирдикте баарыбыз бул жаман ооруну женебиз
+1
baku24
2020-07-15 10:40:22
Эн сонун чыгарма болуптур. Молодцы айрыкча Токтобек Асаналиев менен Султан Садыралиев ырдаганда жери журогун бир башкача толуп кетет экен. Журокко жеткире ырдашыптыр
+1
Raihan0602
2020-07-15 11:14:03
Соонун үнүңөргө талатыңарга береке бар болгула
0
Naj29
2020-07-15 11:16:55
"Бул өмүрдө адамга адам керек!!!"
0
Eminahanym
2020-07-15 12:07:08
Бишкекти асмандан дары чачып абаны тазалаш керек болупкалды. 4-5кун подрядыга. Адамдар чвкпай тургула. Кочого 3кун чыкпай абаны тазалаш керек. Адамдар аакча берип бири бириге жардамберип жатат. Ошол акчаны абатазалашка жумшаса
-2
Eminahanym
2020-07-15 12:37:44
Аба тазаланбаса абада журотда оору. Бирибириге жуга берет.
-2
Genka
2020-07-15 14:15:13
Ыр жакшы чыгыптыр,азаматсын Султан!Чето звездалар Сайкал,Мирбек,Нурлан,Айгерим,Самараларды корбодумбу дейм да,неожиданно го ...
-1
Agayu
2020-07-16 21:02:18
Балкон Кухния 2020 жылды алды го чиркин .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан