Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу сүзүп кетти. Кырсык бүгүн, 14-июлда саат 19:30 чамасында орун алганын Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Горкий көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан Ауди унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бараткан кайгуул кызматкерин сүзүп алган. Унаа 1991-жылы туулган С.А. аттуу жарандын башкаруусунда болгон.
Кырсыктын кесепетинен кызматкер Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Айдоочунун мас же соо экенин аныктоо максатында наркологияга жиберилди", - дешти мекемеден.