Муунтуп, башына секирип. Өспүрүмдү сабап жаткандагы видео боюнча Бишкек ШИИББинин жообу

Социалдык тармакта бир бала экинчи баланын үстүнө отуруп алып аёосуз сабагандагы видеосу тараган.

Анда көрүнгөндөй, топтошкон балдар талаага чогулган. Калгандары карап турганда, бир бала жатып калган өспүрүмдүн үстүнө отуруп, аны муунтуп, башына секиргенге чейин барган. Бул окуя каякта тартылганы белгисиз болгондуктан, колдонуучулар арасында талаш жараткан. Айрымдары мындай көрүнүш Бишкектин четинде орун алганын айтып чыгышкан.

Мындан улам шаардык ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, окуя Казакстандын аймагында болгонун айтышты.

"Бул бизде болгон эмес. Казакстандын Павлодар шаарында тартылган тасма. Бизге маалым болгондой, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кармалгандарга "өмүргө кол салуу" беренеси боюнча айып тагылган", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

+18 Эскертүү! сөгүнгөн сөздөр бар. "Бир бала өспүрүмдү муунтуп аёсуз сабаган. Калгандары карап турган"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ak_Bulut
2020-07-15 19:48:43
Жатканды урбаш керек болчу, эркекче болбой калды
+11
Moskva93
2020-07-15 20:05:33
Кара спортивка кийген бала к.т экенсиң жыгылганда тийбейт
+10
aza84
2020-07-15 20:53:53
Дарегин бергилечи өзүбүз тарбия берели секирген кандай экенин сезер
+6
samirabi
2020-07-15 21:47:00
Журогум ооруп кетти,адамдан откон мыкаачы жок озу
+7
ALATOOLUK.JIGIT
2020-07-15 22:08:45
Соо адам мынчалыка барбайт.
+6
gulya583
2020-07-16 03:02:23
Жаш туруп мынча мыкаачы эле,башына секиргенин кара тим эле, олуп калса корот элем абалынды
+1
KG_7755
2020-07-16 09:20:24
Бул бала арамдан туулган арам. Эч бир адамдык сапат калбаптыр. Алаа Таала жазасын берсин, ушуга окшогон айбандарга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан