Экспорттоого тыюу салынган дарыны коңшу өлкөгө мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Мамлекеттик чек арадан коңшу Казакстанга Парацетамол дарысын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан бүгүн, 15-июлда кабарлашты.

Маалым болгондой, Чоң-Капка өткөрмө бекетинен 1992-жылы туулган М.А. аттуу Кыргыз жараны кармалды.

"Ал Мерседес-Бенц унаасы менен медициналык каражаттарды ташып бара жаткан. Унаанын ичин кароо учурунда Кыргыз өлкөсүнөн экспорттоого убактылуу тыюу салынган жүктү, тагыраагы, 48 миң даана Парацетамол алынган.

Кармалган жаран жана жүктөр андан ары териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Samash-87
2020-07-15 21:21:19
Өз элине душманды кылган арам тамак
+6
AdylbekB84
2020-07-15 21:55:01
Мындайларды аллахым кечирбейт, согушта душманга сатылган менен барабар булар, муфтияттан кечээ эле айтты ушуга окшогондорго түшүндүрмө берип!
+3
Mina24
2020-07-15 22:00:33
Атып салыш керек анан токтойт эл минтип кыйналып атса акча жазаган акмак акчан буйурабы сага
+3
KG-zigit
2020-07-16 01:15:56
Акча керек болуп олуп баратсан дагы алкымынарды тыйбайсынарбы чайкоочулар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан