Чек арадан кычкылтек концентраторун, дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Мамлекеттик чек ара аркылуу кычкылтек концентраторлорун жана айрым дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүн, 15-июлда "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайынан коңшу Казакстанга бара жаткан 3 унаа токтотулду. Унааларды текшерүү учурунда салондон катылган жүктөр бар экендиги аныкталган. Тагыраагы, 4 комплект кычкылтек концентраторлору жана дары-дармек (Ингавирин, Ксарелто) каражаттары алынган. Кармалган жүктөр Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун негизинде өлкө аймагынан чыгарууга убактылуу тыюу салынган.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан кийин транспорт каражаттарынын айдоочулары кармалып, жүктөр менен биргеликте андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aslonur
2020-07-15 23:47:00
Мындан өтөөр чыккынчылык болбосо керек?!, уят барбы силерде
+9
akmanai
2020-07-15 23:51:44
Кол чабуулар. Соз жок! Азаматсынар! Адамдык абийиринерге баракелде. Далынарды тилип туруп, туз сээп салгым келди котуштап.
+8
AdylbekB84
2020-07-16 00:44:28
Ошол жерде атып салган адам соопко калат, кыйын кырдаалда элин ойлобогондор! Демек булар 5 тен 1нү кармап жатат окшойт, мен өтүп сатып келдим, сен дагы өтө бер дегендей эле туюулуп жатат, себеби күнүгө кармап жатат ошондо деле аягы тыйылбай жататко котрабандистердин!
+10
Kyrgyz_bloger
2020-07-16 00:57:43
Кыргыздын душмандары,ушулар жардамга келгендер сатылбай жатат деп ким кепилдик бере алат.
+7
Munir81
2020-07-16 06:53:01
Эхх кыргызым
0
aerforce
2020-07-16 09:04:14
Даагы бир чондун бизнеси озуно жетпей калса корот керек учурда же бир жакын адамына
0
tina-Tin
2020-07-16 09:12:02
Булар акча берип чыгып кетет.
0
Mamajanovna77
2020-07-16 09:37:30
Чоңдор үйлөрүнө бирден коюп алышкандыр уже. Карапайым эл акча чогултуп алган апаратты сатып жатышкандыр .кудайга күнөөкөр болбоюн го.бирок андан башка кайдан алды.бизде апарат чыкпаса деген ой келет да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан