Балыкчыда унаа токтотуучу жайда турган машина толугу менен күйүп кетти

Балыкчыда унаа токтотуучу жайда турган автоунаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, "САТ Транс" унаа токтотуучу жайда Volvo үлгүсүндөгү кара май ташуучу унаасы толугу менен күйгөнү айтылат. Өрттүн себеби электр чубалгыларынын кыска туташуусу.

Мындан тышкары Ысык-Ата районунун Кант шаарында Сакебаев көчөсү №3/3 дарегинде BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкектеги Ленин районуна караштуу аймакта Сыдыков көчөсү, 269-үйдүн жанында жыгач устундуу темир жабылган павильон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалпысынан бир сутка ичинде республиканын аймагында 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 23 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан