Тилек Урмамбетов, улакчы: “Көк бөрү боюнча Кыргызстандын башкы атаандашы Казакстан”

Көк бөрү боюнча өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстан Өзбекстанды 11:1 эсебинде жеңди. Бул жеңиштен кийин Кыргызстан курама командасынын алдынкы оюнчуларынын бири Тилек Урмамбетов: “Кыргызстандын бул мелдештеги башкы атаандашы Казакстан командасы. Казакстан командасы биздин өлкөгө да барып жеңишке жетишип жүргөн. Биз деле Казакстанга келип көп мелдештерге катышып жүрөбүз. Эки команда бири бирин жакшы билет. Мелдеште жеңишке жетүү үчүн Кыргызстан дагы 4-5 оюн өткөрөт”,- деди ал. 
Эске салсак, Кыргызстан командасы Өзбекстан, Түркия, Кытай командалары менен таймашат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан