"Күлкүгө бөлөп турчуңуз, кеттиңиз кайда ыйлатып?". Ырчы Кызсайкал Кабылова дин аалымы Чубак Жалиловго арнап ыр жаздырды

Ырчы Кызсайкал Кабылова өлкөнүн экс-муфтийи Чубак Жалиловго арнап "Атыңыз жашайт" аталышындагы ырын жаздырып, клип тарттырды. Жалиловдун каза болгонун дагы деле оор кабыл алып жатканын айткан ырчы порталыбызга буларды билдирди.

"Устаз Чубак Жалилов менен катышчубуз. Менин турмушумдагы оор күндөрдө мага насаат айтып, көп кеңештерин берди. Ата-энем айтпаган насааттарды айтты. Кыйын учурда дайыма устазга кайрылып турчумун. Ал мени шыктандырып, "чыгармачылыгыңды уланта бер, бирок хижабыңды чечпе" деп айтчу.

Ал эми ыр тууралуу айтсам, "Кыргызстан" деген чыгарма үчүн обон жаздырып жаткам. Обон даяр болгондон кийин эле устазыбыз каза болду. Мындан улам чыгарманы Чубак Жалиловго арнайын деген ой келди. Ырды ыйлап жатып жаздырдым. Клипти дагы көрө албай койдум, дагы деле көз жашым тыйыла элек.

Ырды уккандан кийин устаздын жубайы чалып, ыраазычылыгын билдирди. Мындай адам кайра жаралбайт деп ойлойм.", - дейт ал.

Белгилүү диний аалым, экс-муфтий Чубак Жалилов 11-июлга караган түнү оор абалда ооруканага жеткирилип, саналуу сааттардан кийин пневмониядан улам 45 жашында каза болгон. Өмүр таржымалы тууралуу ушул шилтемени басып өтүп, окуй аласыз.

Атыңыз жашайт жүрөктө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tyty1990
2020-07-16 20:06:50
Устаз бейиштин эң төрүнөн берсин Аллахым сизге
+16
AdylbekB84
2020-07-16 20:18:54
Чубак ажы Кыргызстандагы мусулмандарды эле эмес дүйнөдөгү мусулмандарды ыйлатып кетти! Жайы жанаттан болсун, Аллахым рахматына алган болсун!
+16
KG-zigit
2020-07-16 20:41:35
Аттин арман ушинтип уламышка айланат экенбиз да адам заты
+4
batleybesh
2020-07-17 09:42:46
KG-zigit баардык адам эмес, чубак сыяктуу элим журтум деп куйгон адамдар уламышка айланат!
+1
Tani2020
2020-07-16 20:56:14
Аттин ай арман дунуйо! Менин жанымы алам Чубак ажы учун десе бермекмин жан дилим мн. Абадай суудай керек Адам элениз кыргыз эли учун! Дагы жок дегенде 30жыл жашасаныз эмне. Эмне мынча шаштыныз экен биздин АЛТЫН адамыбыз!
+3
katerina.li
2020-07-16 21:31:29
Мен туура эмес кором ,ушу олгондон кийин сразу эле ыр чыгарып,медаль берип жибергендерин. Менимче эн эле керек нерсе,Куран окуш керек.
+9
Avrora2017
2020-07-17 16:36:19
katerina.li,olgon kishinin janyn koush kerek ur pyrsyz medaly jok ele tynch jatsyn jatkan jeri jailuu bolsun dep , биздин кее бир кыргыздардын обу жок
+2
Hadyja
2020-07-16 23:24:45
Кыргыздын тарыхында,ислам тарыхында Чубак ажынын аты алтын тамгалар менен жазылып кала берет.Кыргыз элине,жерине жага мусулман уммотуно болгон кызматы эч качан унутулбайт.Кудайдын кыргызга Берген Беоеги эле.Аттин,журокторубуз ыйлап кала бердик
+3
sirenaaaaa
2020-07-18 04:24:43
Канча акыл насааттарыныз айтылбай кетип калдыныз
0
sirenaaaaa
2020-07-18 04:27:07
Сизди 2-аял алыптыр деп укканда аябай таарынгам. Ошол убакта видеолорунузду корбой аябай жаман болдум эле. Эми козунуз отуп кеткенде андан да жаман болуп турам. Эн эле сыйлуу адамым элениз
0
ironlady
2020-07-18 12:40:11
Турчунуз деген туура эмес, турчусуз деп айтыш керек. Кыргыз тилин бузбай ырчылар создорун тууралап жазышса болот эле
0
Ziko86
2020-07-22 01:07:23
Аллах рахматына алсын озу айткандай омурдун узундугу эмес аны кандай пайдаланышты уйротуп кетти аз бирок саз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан