Ошто коронавируска кабылып, дарыланып жаткан адам оорукананын экинчи кабатынан боюн таштап каза болду

Ош шаарындагы шаардык эски ооруканасынан коронавирус илдетине кабылып, дарыланып жаткан 1955-жылы төрөлгөн эркек адам оорукананын экинчи кабатынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 15-июль күнү саат 22:00 чамасында болгон. Анда коронавирус инфекциясына кабылып, ооруканада дарыланып жаткан Ош шаарынын Манас Ата кичи районунун 65 жаштагы тургуну оорукананын экинчи кабатынан боюн таштаган. Маркум окуя болгон жерден каза болгон жана тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды.

Буга чейин дагы жаңы коронавируска кабылып, ушул ооруканада дарыланып жаткан 34 жаштагы жаңы төрөгөн келин терезеден боюн таштап каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан