Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесине карата ат оюндары өтөт

Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаралардын алкагында 28-сентябрда “Аккула” ат майданында ат оюндары өтөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдешке Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана коңшу мамлекеттердин командалары катышат.

Ат оюндары төмөндөгү программада өткөрүлөт:

Биринчи - Таза кандуу күлүктөрдү кыска аралыкка чабуу, күлүктөр 1600 метрге чабылат

Экинчи - Кунан чабыш. Жарышка 3 жаштагы күлүктөр катышып, 11 000 метрге чабылат

Үчүнчү - Топ байге. Катышуучу күлүктөр 13 200 метр аралыкка чабылат. 

Төртүнчү - Жорго салыш. 3 жаштан жогорку жаштагы жорголор катышат жана 11 000 метрге коё берилет. 

Бешинчи - Аламан байге. Күлүктөр 18 000 метр аралыкка чабылат. 

Ат оюндары боюнча мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан бекитен калыстар тобу тейлейт. Байгеге 2 унаа жана акчалай сыйлыктар сайылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан