Ошто таанышын сабап өлтүрүп, жансыз денесин көпүрөнүн алдына таштап кеткенге шектүү жаран кармалды

15-июлда Ош шаарынын Туран кичи районунун Дача аймагындагы көпүрөнүн астынан киши колдуу болуп каза болгон Алай районунун 1964-жылы туулган Б.Т аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Ыкчам изилдөө иш-чараларынын алкагында бул окуяга шектүү делинип Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну Ш.Т кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда маркум менен экөө көп жылдардан бери тааныш болуп, бирге жакындарынын кызматын жасашып, жан багып келишкен. Окуя болгон күнү экөө жолугушуп, суу боюнда алкаголдук ичимдик ичип отурушуп, өз ара кайым айтышып кетишкен. Айтышуу күчөп, мушташка айланып, натыйжада Ш.Т маркумду ур-тепкиге алып, алсыз абалда таштап кеткен. Маркум окуя болгон жерде жан берген.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары башталып, шектүү делинген жаран Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-07-17 14:31:16
Шаар аттарын кыргызча кылып озгортургулочу. Наввои, амир Темур,Турон дегендерди
+1
bond02
2020-07-17 15:40:10
ZUXRIDDIN20,сен да атынды кыргызча кылып озгорт, ар нерсени озундон башта.
0
ZUXRIDDIN20
2020-07-17 19:03:04
bond02,сен башың иштейби.Жакшы максатта чоң атам жактан коюлган атты озгортуп болобу. Жердин аты менен адамды ысымын озгортууну айырмасы чоңго
+1
Emir.Elina
2020-07-17 22:17:47
ZUXRIDDIN20,
Турон эмес Туран деп жазылып туратко.
0
ZUXRIDDIN20
2020-07-18 00:35:07
Emir.Elina,Кыргыздар Туран дегени менен чыныгы аты Турон болотта. Кыргызга эч кандай байланышыда, пайдасыда жок ат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан