Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бишкектеги музыкалык колледжге директор болуп дайындалды

Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бишкектеги музыкалык колледжге директор болуп дайындалды. Бул тууралуу анын досу, акын Бердибек Жамгырчиев жазып чыкты.

"Түмөнбай Колдошов Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине директор болуп дайындалды. Түмөнбай бар жерде жан бар, Түмөнбай бар жерде ыр бар, Түмөнбай бар жерде идея, өнүгүү, өзгөрүү бар. Атагы таш жарган ОшМУнун алдыга жылуусуна да зор салым кошуп келген. Кубанычтамын жана куттуктайм досум", - деген ал.

Түмөнбай Колдошов филология илимдеринин кандидаты, доцент. Бүгүнкү күнгө чейин Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bratanyn
2020-07-18 01:37:33
Ишиңе ийгилик!
+8
Dolbooruwka
2020-07-18 04:59:57
Тан саарлап жакшы кабар да угат экенбиз го. Ийгилик ишинизге!
+6
Dushabolna
2020-07-18 06:22:24
Ишинизге ийгилик. Озунузду этият кылын
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан