16-июлда саат 15:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаап өткөн жамгырдан улам сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 17-июлда селдин зыяндары тууралуу маалымат берди.
Селдин кесепетинен Арсланбап айылдык аймагындагы 16 кожолукту суу каптаган. Анын ичинен 4 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, 2 турак үйдүн дубалын тешип кирген, 12 кожолуктун короосун суу каптап, 1 сарай кулап калган.
Селден жабыркаган 3 турак үйдүн ичи сел калдыктарынан тазаланды. Дубалдарын суу тешип кирген, авариялык абалдагы 2 турак үйдөн буюмдар чыгарылып, үй ээлери туугандарыныкына убактылуу көчүрүлдү.
Жалпы 1200 метр ички чарбалык жолду сел калдыктары каптап, 150 кожолук пайдаланган ички чарбалык автоунаа өтүүчү көпүрөсү жараксыз абалга келген. Селдин кесепетинен 1 баш тай, 1 баш уй торпогу менен сайга агып кеткен дешти минисрликтен.