Бишкекте жеңил унаа менен жол тандабастын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Маалыматты Патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
Белгилүү болгондой, автокырсык 17-июлда саат 22:17 чамасында катталган.
"Анда Исанов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинен Лексус 570 унаасы менен Субару Легаси унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алып, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Унаалар айып короосуна токтотулду. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - дейт маалымат катчы.