Ырчы Самат Дөөлөтбаков уулдуу болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-июлда сүйүнчүлөп, билдирүү жасады.
Айтымында, жубайы 14-июлда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарган.
"Уулубуз ай-күнүнө толук жетпей төрөлгөндүктөн эне, баланын абалы жакшы болгондон кийин гана сүйүнчүлөөнү туура көрдүк. Бүгүн жубайым менен уулумду үйгө чыгарып келдик, баары жакшы. Уулубуздун салмагы 2 килограмм 750 грамм, бою 50 сантиметр болду.
Жубайым кош бойлуу кезинде эле уулубузга Саджан деген ысымды тандап койгом. Бул ысымдын мааниси - компетенттүү, кең пейил, көңүл буруучу, жигердүү дегенди түшүндүрөт", - дейт ал.
Самат Дөөлөтбаков менен Айида айым буга чейин бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен.