Футбол боюнча Топ лиганын алкагында 2-айлампа башталды. Мында командалар эки топко бөлүнүп оюн өткөрөт. Алсак, Топ лигадагы 8 команда алган упайлардын жыйынтыгында жогорку жана төмөнкү төрттүк болуп бөлүнгөн. Жогорку төрттүктө “Дордой” , “Алай” , “Абдыш-Ата” жана “Алга” командалары өлкө чемпиондугу үчүн ат салышат. Ал эми калган “Нефтчи”, “Ысык-Көл”, “Ала-Тоо” жана “Манас” командалары 5-8-орун үчүн оюн өткөрүшөт. Экинчи айлампанын алгачкы оюнунда 11-сентябрь күнү “Нефтчи” “Ысык-Көл” менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Азырынча биринчи төрттүктө “Алай” көч баштап келүүдө.