Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айылдык аймагында жүргөн селден улам Бабаш-Ата кырка тоосунан орун алган шаркыратмадан ылай агып түшүүдө. Бийиктиги 200 метр болгон тик аскадан агып түшкөн шаркыратманын азыркы абалы коркунучтуу көрүнөт. Бул тууралуу видеону социалдык тармактын колдонуучусу өз баракчасына жүктөгөн.
16-июлда саат 15:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаап өткөн жамгырдан улам сел жүргөнү маалымдалган. Анын кесепетинен Арсланбап айылдык аймагындагы 16 кожолукту суу каптаган.