Белгилүү япон актёру Миура Харума өз жанын кыйды. Анын мындай кадамга баруусуна хейтерлер күнөөлүү деп жатышат

Кечээ, 18-июлда белгилүү япон актёру Миура Харуманын жансыз денеси Токио шаарындагы өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматтарга ылайык, атактуу жолугушууга келмек, бирок кечигип жатканы үчүн анын менеджери үйүнө издеп барган. Миура Харуманын жансыз денесин дал ошол менеджери кийим-кечек илинчү бөлмөсүнөн тапкан. Айрым маалыматтар боюнча, ал асынган абалда болгон. Өлүм алдында жазган каты да табылганы менен азырынча анын мазмуну ачыкка чыга элек. Учурда полиция кызматы суицид болгонун же болбогонун аныктоо үчүн териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Миура Харуманын өз жанын кыюусуна социалдык тармактагы хейтерлери себеп болушу мүмкүн дешүүдө. Анткени атактуу уулуу комментарий жазгандардын чабуулуна кабылып турган.

Миура Харума 1990-жылдын 5-апрелинде туулган. Ал 7 жашында "Агури" сериалына тартылып, атактуулуктун даңгыр жолуна түшкөн. "Ашыктыктын асманы", "Кандуу дүйшөмбү", "Гокусен" жана башка долбоорлору менен популярдуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Raatbek700
2020-07-19 16:25:02
28 кайра кирем тузотуп койгула
-2
XATSAN125
2020-07-19 16:38:35
Неге тажияга кагаз бербеди
-2
Tyty1990
2020-07-19 18:53:44
XATSAN125,тажияга кагаз берилбейт,жылдыкта берилет. Азыр жөн эле #чай ичирди#
-1
allia
2020-07-19 16:58:10
Японяда өз өмүрүнө кол салуу көп болот
+2
Taalaibek.
2020-07-20 07:51:31
Бунун кимге кереги бар да?
0
Arai92
2020-07-20 16:08:47
Сулуу экен аябай
0
-adam
2020-07-20 19:37:56
Менин вкусумдагы бала экен эле ,жалко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан