Бишкек-Торугарт жолунда Toyota Crown жүк ташыган унаанын артына кирип кетти

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жеңил унаа жүк ташыган унаа менен сүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 19-июлда болду.

"Howo жүк ташыган унаасы менен Toyota Crown унаасы сүзүшкөн. Анда жеңил унаа Ысык-Көлдү көздөй бара жатып, жүк ташыган унаанын артына кирип кеткен. Жыйынтыгында жеңил унаадан 4 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан