Каракол-Эңилчек жана Нарын-Өрүктам унаа жолунда бүгүн сел жүрдү

Каракол-Эңилчек жана Нарын-Өрүктам унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы алдын ала алынган маалымат боюнча, 19-июль күнү саат 12:40 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Каракол-Эңилчек унаа жолунун 6 чакырымын кум шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан.

Нарын облусунун Нарын районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, 19-июль күнү саат 11:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Нарын-Өрүктам унаа жолунун 50-55 чакырым аралыктарын кум шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылып калган.

Тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Кыргызгидромет 18-19-июлдарда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу боюнча шашылыш эскертүү таркаткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан