Кыргыз режиссёрлору тарткан тасмалар Шанхайдагы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт

Кыргыз режиссёрлору тарткан тасмалар Шанхай эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кыргызфильмден" кабарлашты.

Маалым болгондой, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "Spectrum-Alternatives" программасына тандалып алынган. Тасма 25-26 жана 31-июлда көрсөтүлөт.

Ал эми режиссёр Эмиль Атагелдиевдин "Көл" тасмасы кинофестивалдын расмий программасына "Азиянын жаңы таланттарынын сынагы" номинациясында тандалып алынган. Тасманын бет ачары 29-июлда болот.

Шанхай шаарынын тургундары фестивалдын бардык тасмаларын кинотеатрлардан көрө алышат, бирок коронавирустун пандемиясынан улам чет элдик катышуучулар фестивалга катыша алышпайт.

Эл аралык кинофестиваль 25-июлдан 2-августка чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан