Орусиянын Екатеринбург шаарында болжолдуу түрдө эки кыргыз жигитти топ балдар сабап жатат делген видео тарады. Аны социалдык тармакка Дүйшөн Туратов аттуу интернет колдонуучу жүктөгөн.
Видеодо көрүнгөндөй, көчөдө топтошкон эркек кишилер жүрөт. Арасынан колуна таяк кармаган адам бирөөнү сабап жатат. Андан кийин жерде эки жигит эсин жоготуп жатканын көрүүгө болот.
Видеону жарыялаган интернет колдонуучу сабалган балдардын кыргыз экенин жазган. Бирок алардын Кыргыз жараны экенин ырастаган расмий маалымат азырынча жок. Ошондой эле окуянын качан орун алганы да белгисиз.
Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышканыбызда маалымат такталып жатканын жана бул окуя тууралуу Екатеринбург шаарындагы консулдукка кабар берилгенин билдиришти.