Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Өргө калктуу конушунда жаңы курулуп жаткан турак үйдүн чатырынан өрт чыкканы маалымдалган. Өрт тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө түшөрү менен окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жөнөп кетишти.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет дешти министрликтен.