Ысык-Көл облусунда жеӊил унаа менен комбайн жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы 19-июль күнү болжол менен саат 11:50 чамасында Түп райондук милициясына Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 196-чакырымында жол кырсыгы болгондугу жөнүндө кабар түшкөн. Аталган кабардын негизинде окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барышып, Түп районунун Талды-Суу айылынын 32 жаштагы тургуну Ж.У. Субару-Легаси унаасы менен түндүктү көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай, 23 жаштагы уландын башкаруусундагы комбайн менен кагылышкан.
Жол кырсыктын натыйжасында, жеӊил унаанын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү алган жаракаттары менен райондук оорукананын Травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Катталган факт Түп райондук милициясынын маалымат электрондук журналына тиркелип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.