Ислам Финансылык Борбору медициналык мекемелерге жана ыктыярчыларга таратып берүү үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү Улуттук Кызыл Жарым Ай коомуна 850 литр антисептикалык каражаттарды тапшырды.
Дезинфекциялоочу каражаттарды тапшыруу акыркы дем алыш күндөрү болду. Кызыл Жарым Ай коому дезинфекциялоочу каражаттарды медициналык мекемелерге таратып баштады.
"Ислам Финансылык Борбору кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүлдө сырттан карап тура албайт. Биздин инфекцияга каршы бирдиктүү күрөшкө кошкон салымыбыз Кыргыз өлкөсүн жеңишке жакындатат деп үмүттөнөбүз”, - деди Ислам Финансылык Борборунун башкаруучу директору Талант Керимбаев.
"Кызыл Жарым Ай коому өнөктөштөрүнүн колдоосу менен биз каражаттарды мобилизациялай алдык жана илдет башталган күндөн баштап ар кандай донорлор менен бирге биз адамдарды, уюмдарды, эпидемияга каршы күрөштүн алдыңкы сабында турган - дарыгерлер, тартип сакчылары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү администрациялардын кызматкерлери жана социалдык кызматкерлерин активдүү колдодук”, - дейт Кызыл Жарым Ай коомунун Кыргыз өлкөсүндөгү башкы директору Чыңгыз Жакыпов.
Ислам Финансылык Борбору - бул "Бакай Банктын" алдында түзүлгөн, ислам принциптери боюнча каржылык кызматтарды көрсөткөн Кыргыз өлкөсүндөгү жана КМШдагы биринчи исламдык терезе.
Контакт-центр 24/7:
• 0 312 61 00 61
• 6111 (мобилдик телефондордон)
• +996 554 006 111 (WhatsАpp)