Стационарда иштеп жаткан Пакистандын студенти сабалды. Учурда шектүүлөрдү кармоо иш-чаралары жүрүүдө

Бишкекте 5-курсту аяктаган Пакистандын студенти белгисиз жарандар тарабынан сабалганы боюнча видео тарады. Жабырлануучу мындан мурун стационарлардын бирине бекер иштеп берүүгө даяр экенин айтып, аны шаардагы №95 мектепте ачылган стационарга жумушка алышкан.

Бул факты катталганын Чүй ОИИББи тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июль күнү саат 23:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Пакистан Республикасынын 22 жаштагы Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Арызда ал денесинен жаракат алганын, бул факты боюнча тийиштүү адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Окуя "Тёплые ключи" курортунда болгон. Ошондой эле арыз менен 20 жаштагы А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С. жана 25 жаштагы А.И. аттуу жарандар кайрылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда, мушташкан жарандар тарап кетишкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тийиштүү бардык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталды. Учурда аларды кармоо иштери жүрүүдө.

Бул фактыны ички иштер министри өз көзөмөлүнө алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aman-moskva
2020-07-20 20:06:43
Жон эле журбойбу кыйын болбой
+3
aiba.8327
2020-07-20 20:17:26
Айтпа
+2
Atas
2020-07-20 20:43:16
Зыяны көп итибай менен чотубайдын баарын кирип алып каша болду Кыргызстан
0
Jibakana
2020-07-20 21:57:32
Atas,кыргыздар деле окуп,иштегени чет олкодо журобу?бул бала да Кыргызстанда окуп журот да туурабы без делник болуп жургон жок да э Пакистан жараны,и тем более Кыргыздын учун иштеп жардамы тийип жатат
+5
Bars88
2020-07-20 21:13:24
Мен дагы иштеп аткан жеринен урган окшойт деп ойлопмун.Эс алып журуп мушташышкан турбайбы озун дагы текшерип керек
+2
Jibakana
2020-07-20 21:58:08
Bars88,видеону корбойсунбу биринчи?
-1
Farkhat07.05.89
2020-07-21 04:25:00
Ары жакта кыздардын уну угулуп атат.Биздин кыздар менен журушконго...Эс алып
+3
Jibakana
2020-07-21 10:11:43
Farkhat07.05.89,Ким менен эс алат оздору билсе керек эми
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан