Милиция кызматкерлери Пакистандын жаранына кол салган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делинип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. жана Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. аттуу жарандар кармалды. Бул факты Аламүдүн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Аталган окуянын жүрүшү ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Бишкекте 5-курсту аяктаган Пакистандын студенти белгисиз жарандар тарабынан сабалганы боюнча видео тараган. Жабырлануучу мындан мурун стационарлардын бирине бекер иштеп берүүгө даяр экенин айтып, аны шаардагы №95 мектепте ачылган стационарга жумушка алышкан.