Кечээ, 20-июлда саат 16:20 чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, 10 турак үйдүн короосун суу каптаган. Саргата айылынын Сатылганов көчөсүндө 3, Атабеков көчөсүндө 4 жана Мадеш көчөсүндө 3 турак үйдү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 240 метр ички чарбалык жолун каптаган. Жол каттамы ачык, бирок унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле Кодиков жана Сатылганов көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн шакекчелеринин жээгин сел суулары жууп кеткен, жол каттам унаалар үчүн жабык.
Кырсык катталган жерге райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жергиликтүү тургундар тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн, 21-июль күнү жумуш улантылат.