Ош шаарында бир тууган инисин өлтүрүп алганга шектелген жаран кармалды. Ал 1983-жылы туулган Алай районунун Ак-Босого айылынын тургуну Б.А. аттуу жаран болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шектүү алгачкы тергөө учурунда иниси көп ичип кеткендигин, элге-журтка уят кылып жаткандыгына байланыштуу аны жакшы жолго чакырган. Бирок иниси каяша айтып, укпай койгондон улам бир жолу чапкан. Анда маркум жерге кара кушу менен тийип эсин жоготкон. Шектүү аны өлтүрүп коюу оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган. Учурда анын көрсөтмөсү текшерилип жатат. Шектүүнүн каза болгон иниси 1985-жылы туулган Б.М. аттуу жаран болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин Ош шаарында инисинин өлүмүнө шектелип байкеси кармалганы маалымдалган.