«Кумтөр» компаниясынын Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчерлери Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына жардам көрсөтүштү

«Кумтөр Голд Компанинин» Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчер коронавирустук инфекция (COVID-19) менен катуу ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүү үчүн каражат топтоону уюштурушту. Кайрымдуулук акциясына жалпысынан 64 адам катышып, 350 000 сом топтолду.

Топтолгон каражаттарга дарылар, антисептиктер, жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) сатып алынып, Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына берилди. Ошондой эле эки кычкылтек концентраторуна буйрутма берилип, алар жакынкы убакта регионго алып келинет жана жогоруда аталган дарылоо мекемесине өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан