4-12-сентябрь аралыгында өткөн Ысык-Көл оюндары жыйынтыкталды. “Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өткөн мелдеште кыргызстандык спортчулар 458 медаль утканын Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди. Ал эми Казакстан 69, Орусия 35 медалга ээ болду. Бул жолку Ысык-Көл оюндарында 18 спорттун түрү боюнча мелдештер жүрдү. Эң көп спортчу кичи футбол боюнча мелдешке катышты, анда 74 командадан 900дөй спортчу оюн көрсөттү. Чакырылган бир топ өлкөлөр Ысык-Көлдөгү кара тумоого байланыштуу келүүдөн баш тартышканы белгилүү.