Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында 1959-жылы туулган эркек киши дайынсыз болуп 15-июлдан бери изделип жаткан. 21-июлда анын жансыз денеси табылганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, милицияга 19-июль күнү кабар келип түшкөн. 21-июль күнү издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнын №81 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында Чаткал дарыясынан маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин мекемеден кабарлашты.