Өспүрүмдөр арасында 14-21-сентябрь аралыгында Казакстандын Алматы шаарында өтүүчү III Евразия оюндарына Кыргызстандан 85 спортчу катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди. Анын айтымында, расмий түрдө бул мелдешке баруучу 62 спортчуга каражат каралыптыр. Ал эми калгандары өз каражаттары менен барышат.