Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы базардан өрт чыкты. Бул тууралуу видео "Короче" аттуу телеграм каналына жарыяланды. Ал эми өрт тууралуу ӨКМга байланышканыбызда, маалыматты тастыктады.
"Бизге өрт тууралуу маалымат саат 5:37де келип түштү. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган жана өрт саат 6:10до чектөөгө алынды. Кызыл-Суу айылындагы борбордук базардын аймагындагы эки жашылча-жемиш саткан дүкөн өрттөнгөн. Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери улантылууда. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.