Ырчы Анжелика: "Ак Үйдөгүлөргө кийинки жолугушууга Алтынай Нарбаеваны чакырыңыздар деп айттым"

Президент Сооронбай Жээнбековдун кайрымдуулук менен алектенип жүргөн ыктыярчылар менен жолугушуусу эл арасында кызуу талкуу жаратты. Анда бир топ убакыттан бери күн-түн дебей эл кызматында жүргөн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, тамада Эрнест Бөрүбаев жана башкалар чакырылгандардын тизмесине кирбегендиги талкууга жем таштаган.

Иш-чарага чакырылбай калган Алтынай Нарбаева буга таарынбай турганын айтып, маек берген. Анын маегинен кийин ырчы Анжелика социалдык тармактагы баракчасына "мен Ак Үйдөгүлөргө айттым, кийинки жолугушууга Алтынай эжени чакырыңыздар, балким, ал улуулата Гүлшайыр Садыбакасова эжебизди сунуштап, ал барат чыгар" деген билдирүү калтырды. Ырчы айым президент менен ыктыярчылардын жолугушуусуна кимдер катыша тургандыгы тууралуу кабары жоктугун айтат.

"Алтынай апама президент менен жолугушуучулардын тизмесине киргенимди, тизмеде кимдер бар экенин билбей турганымды айтканым бар. Ал "макул, жакшы барып келгиле" деди. Бир мактоо кагазын алган жокпуз, эгерде берсе мен фонддун атын ("Апам жана мен" фонду) атамакмын. 5 жылдан бери "Бактылуу айым" долбоорун алып барып, 8 жылдан бери "Элим, барсыңбы?" фонду менен кайрымдуулук иштерин жасап, 22 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келем.

"Апам жана мен" фондуна азык-түлүккө акча берем деп келип кошулуп калгам. Алтынай эжемди жакшы көрүп, апа деп урматтап келгем. Жакында эле карантинде элге көрсөткөн жардамы үчүн Алтынай эже менен Эрнест Бөрүбаев министрликтен грамота алганда кубанганбыз. Грамотаны "Дордой" соода түйүнүндө иштеген эжелер дагы алган. Биз четте калганбыз.

Мен ажобузга элдин кайрылууларын айтканым үчүн жаман көрүнүп жатамбы? Деги бут тосуулар токтойбу же эмне кылсам деле жемелей бересиздерби? 5 миллион сом чогултуп, 7 облуска керектүү медициналык каражаттарды тараттык. Гүлжигит Калыков алып келген акчаларды Алтынай апамдын жеке өзүнө берип, дайыма жан дүйнөм менен иш жасап келгем. Мындан ары жасаган жакшылыктарымды эч кимге көрсөтпөй тынч жашайын. Бардык фонддон кеттим", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Eminahanym
2020-07-23 11:19:12
Койгулачы эли-журт. Рахмат деп жазыш кыйынбы. Баардык жардам кылгандарга рахмат. Анжелика сен озунду пиарласанда башка иш кылсанда дайыма коркпой элдерге жардам бересин. Рахмат сага.
Алтынай эже Эрнист байке силерге да рахмат.
Бек Борбиев каякта корунбойт.
Эгер байкасанар ыктыярчылар жардам бергендер бут Жаштар.
Жаштар бар болунуздар. Аллах ыраазы болсун жардам бергендерден. Оомийин.
+3
PeRa
2020-07-23 11:22:08
Мен Анжеликанын фаны деле эмес элем. Бирок учурда кылып жатканы жүрөгүмдү аябай жылытты. Пиар болобу, башкасы болобу, иши кылып элибизге чоң жардам кылып жатат. Политиктерибиз келечектеги шайлоо үчүн деле, пиар үчүн деле Анжеликадай иш алпарышкан жок. Чакырыкка кошулбай калышса, Анжелика күнөөлүү эмес да. Келечекте президент болсо деле колдойт элем. Ушундай уюштуруучу, патриот президент керек бизге. Пиарды да кыла алган кылат.
+4
Aituwas
2020-07-23 21:40:41
PeRa,Айтпа мындай Караганда Нарбаева мынчалык жардам кыла алмак эмес ... Кылып жатат рахмат дечи...Бирок Анжеликачалык эмес...анча мынча ажаандар Талап кетпегиле мимо отуп кеткиле бул менин оюум
+2
Aimani
2020-07-23 11:22:41
Алтынай эже, аларга эт тартпаптыр таарынбаныз. Ажого жолуккандан пайда жок да. Эми зыян эле болду. Ырчы чоорчулар кырылышып, таарынышып ынтымагы кетти. Негизи Анжелика азамат кыз. Анча мынча эркеке караганда эл үчүн коп нерсе кылат
+2
Baktikan
2020-07-23 11:27:12
Aimani,Azamatsiz Tuptuura soz menden+
+1
rola
2020-07-23 15:10:01
Aimani,Алтынай эжебиз карды учун эмес,кадыры учун айтып олтурат!
+6
Aimani
2020-07-23 22:20:10
rola,Алтынай эже ыктыярчы болуп жүрөт маанисин түшүнөбү ошонун. Волонтёр оз ыктыяры менен иштейт. Эч кимге док артпай, эмгек акы күтпөй. Мамлекетке да башкаларга да. Болбосо өзүн ыктыярчымын дебеш керек
+3
akmanai
2020-07-23 12:27:11
Мен А Нарбаеваны сыйлайм жакшы ырчы анан мээнеткеч инсан катары. Бирок мен таарынбайм деп туруп таарынычын айтып алыптыр. Ага салыштырмалуу Ассоль Молдокматова нын унчукпаганы акылдуу, интеллигент адам экенинен кабар берет. Болоор болбос майда нерсе учун башын оорутпай. Жыйында айтылган сындар жакшы бирок айтылбай коп орчундуу создор калып кетиптир. Ал эми Анжеликанын пандемияда эл учун коп эмгек жасаганын эске алып жаман соз жазбай эле коюшса болмок. Айзадага мен да тушунбодум
+6
Aituwas
2020-07-23 21:42:21
akmanai,Какшыктап туруп согуптур го Нарбаева талкууга жем таштап
+2
Nina.alex
2020-07-23 12:42:18
Алтынай эже деле тага догурунуп бутподу. Эми Анжелика тузгон эмес да списоктк. Президент тин аппарат башчысы же пресс секретаря тузор да. Анжелика чийип салнансып суйлойсунор да. Президент озу деле билбесе керек Ким катышат ал жакта. Жан жокорлору кылат баарын
+3
Shaa-82
2020-07-23 13:02:35
Ак уйдо бироо бар бекен ,алар дем алышка кетишти окшойт эле? Ак уйдогулоро чакыруу берип анан бардынарбы же мен тушунбой калдымбы ?
0
AdylbekB84
2020-07-23 13:43:09
Депутаттардын жыйындар залы бош эле ошол жерге чакырбайбы 120 депутаттын ордуна 60 ыктыярчыны чакырса соонун болмок! Ар бир областтан дагы келишмек, ошондо Бишкектеги эле проблемалар эмес эң алыскы Баткендин дагы проблемалары айтылмак!
+6
kuba.kq8705
2020-07-23 14:35:42
Эмне кереги бар Президенттин алдына барса эле бир нерсе озгоруп кетмек беле урушбагыла орозонун кунундо
+3
baku24
2020-07-23 15:07:19
жакшыны жакшы дейт, жакшы иштерди жасайсын бирок куулугунан экинчи лицон ачылып калып. Жакшы жагынды жууп кетет.Ото ото куу адамсын
+6
Nina.alex
2020-07-23 17:52:32
baku24,куулук да керек адамга. Оозун ачып жургон да жаман
+1
Aituwas
2020-07-23 21:44:09
baku24,оозун ачып журсо Нарбаевага окшоп коп жерден калып кетет,куулук керек азыркы жашоого особенно!!!
+3
urmat94
2020-07-23 18:21:40
Президентке жолукканда не пайда чыгабы тушунбойм ушуларга, ал соз мн мактап койот болду
+2
Arstan18.18
2020-07-23 18:40:45
Анжелика айтасында ак уйго! Ак уйдогулордон бери былыгып журсон! Сенде улууга деген урмат сый жок! Жиндиси болсода улуу сап башында турат депчи?! Сен кылып атсан сага акчаны эл тыйындап топтоп берип жатат арасында 100% туштук эли москвадан туруп которуп счетунар а сен синдин экоон биригип, же Айзаданыда озуно кошуп аты женил кыласынго! Алтыный Нарбаева,Эрнест Борубаев кандай иштеп журот ! Общим жакшылыгында ашып тушмой болду той концерт жок уйдон чыкпай корунбой калмаксын озунду элге корсотуш уч
0
Oratorkg
2020-07-23 20:02:18
Анжелика айымга ким бут тосуп жатат? Эгерде Ак-Үйдөгүлөр бут тосуп жатса Анжелика элдин колдоосуна ээ болуп калды эртең партия түзүп депутат болуп келип калат дегендир да!Айтаарым Ак-Үйдөгүлөрдөн капа болуштун кереги жок аларда бүт баары силердей эле артисттер күндө кагазга ыр жаздырышат айырмасы ыр сабын зорго онтолоп окушат.Силерго обон кошуп ырдайсыңар.Чиновниктер ажосу баш болуп айтып эле койушат иш жүзүндө кылышпайт.Бири бири менен урушуп кийин кечирим сурашып койушат.
-1
NSKA
2020-07-23 20:44:59
Бириң өлүп бириң кал, уят деле калбаптыр ушул артисттерде, бир күн урушуп эртеси жарашып, өздөрүн пияр кылып эле, президент менен жолукса эле бир нерсе өзгөрүп кете тургансып, ал деле пияр кылып койду да ыктыярчылар менен жолукту деп, силер болсо Кудай менен жолуккандай эле болосуңар го
+3
0001KG
2020-07-23 22:35:59
Короче Анжелика сен деле эркекче Аллах раазычылыгы үчүн кылып аткан жок экениң билинип калды бир кагаз үмүт кылып. Баары сени мактап жатат сооп иш кылды деп, бирок бир кагаз тиленгениң бүт соопторуңду мусорго айлантты)).
-3
Nurislam-Nuraiym
2020-07-24 08:04:19
Урматтуулар менимче А Нарбаева андан мурда чакырылып грамота алган. Булар жон эле барып келишти окшойт. Рахмат бардык ыктыярчылага, в том числе Анжеликага Аллахым ыраазы болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан