Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 21-июль күнү саат 17:00 чамасында 2008-жылы туулган эркек бала Кум айылындагы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды.
Бүгүн, 23-июль күнү издөө иштери улантылат.