"Бакай Банк" Кыргызстандагы иштеп жаткан банктардын арасынан "Moody’s" агенттигинин эл аралык кредиттик рейтингине ээ болгон жалгыз банк болду. Банк өзүнө ыйгарылган В3 рейтингин өлкөлүк В2 рейтингин эске алганда татыктуу көрсөткүч деп баалайт. Кредиттик рейтинг – уюмга акчаны ишенип берүү канчалык деңгээлде коопсуз экенин түшүндүргөн индикатор болуп саналат.
Эл аралык Moody’s Investors Service (“Moody’s”) рейтинг агенттиги биринчи ирет улуттук жана чет элдик валюталардагы депозиттердин В3 узак мөөнөттүү рейтингин "Бакай Банкка" ыйгарды. Рейтингдер боюнча көрсөткүч – "туруктуу". Муну менен бирге рейтинг агенттиги банкка кредит жөндөмдүүлүгүнүн В3 базалык баасын жана кредит жөндөмдүүлүгүнүн В3 эске алынган базалык баасын ыйгарды.
"Moody’s" банктын кредит жөндөмдүүлүгүнүн базалык баасы капитализациянын жогорку деңгээли, рыноктук каржылоодон чектелүү көз карандылык жана ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли менен тастыкталаарын белгилейт. Ошол эле убакта 2020-жылдын январында "БТА Банкты" бириктирип алганда "БТА Банктын" жогорку деңгээлдеги капитализациясы финансылык уюмдун туруктуулугуна пайда алып келген.
Ошондой эле агенттик коронавирус эпидемиясы учурунда операциялык шарттардын начарлашына байланыштуу болгон жогорку тобокелчилик банктын ликвиддүүлүгүнүн жана капитализациясынын жогорку деңгээли менен компенсацияланат.
Ошентип, агенттиктин пикиринде "Бакай Банктын" алдыдагы 12-18 айдагы рейтингинин өзгөрүү мүмкүндүгү чектелүү.
"Бакай Банк" өз кезегинде өлкөнүн "Very Weak +" деңгээлиндеги макро-профилин жана коронавирус эпидемиясы шартындагы кирешенин анча чоң эмес көлөмүн эске алып, ыйгарылган бул бааны татыктуу деп эсептейт.
"Ээ болгон рейтинг - өлкөдөгү азыркы экономикалык оор кырдаалга карабай банк кредиторлор алдында, биринчи кезекте - салым салгандардын алдында милдеттенмелерин толугу менен аткарууга жөндөмдүү экенин көрсөткөн ишенимдүүлүктүн көз карандысыз баасы. Рейтинг өткөн жылы банкты бекемдөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар анын азыркы кубаттуулугуна олуттуу таасирин тийгизгенин тастыктайт", - деп белгиледи "Бакай Банктын" башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Юсупов.
Moody’s агенттиги ошондой эле банкка улуттук жана чет элдик валюталардагы контрагент тобокелдиги боюнча узак мөөнөттүү В2 рейтингин, B2(cr) контрагент тобокелдигинин узак мөөнөттүү баасын, мындан сырткары улуттук жана чет элдик валюталарда контрагент тобокелдигинин Not Prime кыска мөөнөттүү рейтингдерин жана Not Prime(cr) контрагент тобокелдигинин кыска мөөнөттүү баасын ыйгарды. Банкка ошондой эле улуттук жана чет элдик валюталардагы депозиттер боюнча Not Prime кыска мөөнөттүү рейтингдери ыйгарылды.
"Бакай Банктын" Байланыш борбору 24/7:
+996 554 006 111 ( WhatsАpp)