Бийчи Наргиза Момунтаева жана жолдошу Төлөгөн мырзанын үйүндө наристе үнү жаңырып, түгөйлөр кырк жылкылуу болушту.
Наргиза Момунтаева Бишкектеги төрөтканалардын биринде 23-июлда көз жарды. Жубайлар кызына Алима деген ысым ыйгарышты. Ал эми наристенин салмагы 3 килограмм 820 грамм, бою 52 сантиметр болду.
Төлөгөн мырза менен Наргиза айым 2019-жылы баш кошуп, үлпөт той 2020-жылдын 4-январь күнү Чолпон-Ата шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.