"Ичегиси беш жеринен үзүлүп кеткен". Базар-Коргондо 90 жаштагы карыя сабалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 90 жаштагы карыяны белгисиз адам сабап салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун иниси Абдурахман Кыргызбаев билдирди.

"Бул окуя 9-июль күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда агам Базар-Коргондун базарынан майда-чүйдөсүн алып, үйүнө кетүү үчүн таксилер турган жерге барыптыр. Ошол жерден таксисттер менен сүйлөшүп турганда, тааныбаган эле адам аркасынан келип уруп, жыгылып калганда тепкилептир. Ал жерден таксисттер агамды ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер баласына телефон чалып, ал келгенден кийин дарыгерлер агамды каттоого дагы албай жакшы эле экен деп башын таңып, кетирип ийиптир.

Кийин агам түнү менен кыйналганынан Ноокендеги ооруканага алып келишкен. Ноокенден агама 5 саат операция жасалып, 3-4 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Агамдын ичегиси беш жеринен үзүлүп, башы жарылып кетиптир", - деди Кыргызбаев.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБине байланышканыбызда, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берененин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, окуя боюнча көргөн, билген атуулдар суралып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Базар-Коргондо 90 жаштагы карыя сабалды
Жалал-Абадда сабалган 90 жаштагы карыянын окуясы боюнча териштирүү башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
sale-81
2020-07-23 18:41:48
Ээ жараткан Аллахым ушундай зоокурлорго акыл берчи, кантип ушу алы жок карыяга колу барды, боорум ачып Кетти бечарага
+15
Arstan18.18
2020-07-23 18:46:10
Дагы Жалалабад
-13
dair_17
2020-07-24 10:42:38
Arstan18.18, Дагы сенби
+7
portugalia
2020-07-23 19:51:36
Колун сынгырлар.
+10
fora
2020-07-23 19:52:47
Таап к..т айрыш керек
+11
Jelezo
2020-07-23 20:11:29
Айыгып кетиңиз элдин баары сиздей көп жашасын,сабаган адамдарды тез арада кармап жоопко тартуу керек.
+9
Dani
2020-07-23 20:37:33
Ошо таксистер ургуча карап туруштубу акмактар эч кимиси болушпай
+11
Jibakana
2020-07-23 20:46:42
Байкуш Ата десе, журогум ооруп Кетти,атамды да сагынып....байкуш Ата десе сволочь Ошо урган колун атанын балдары сындырып салса болмок,атанын коз жашы Ошо урган адамдвн колун шал кылсын,Эми милициялар майда бейбаштык деп каттабай нормально жазалагыла сволочту
+10
zhigitaly
2020-07-23 22:15:14
Колуң сынып ылайым өмүр бою жакшылык көрбөй кал!! Эшек экенсиң
+7
al-abu-kinesz
2020-07-24 01:44:11
Жашоо бумеранг. Озу да картайганда бир зоокурдон таяк жегенде по настоящему тушунот кылган куноосун
+7
Krai
2020-07-24 07:05:29
Ушундай доопараз адамдардын кобойгондугунон жашоо таарып акыр заман жакындап аткандай
+4
pero5184
2020-07-24 11:10:52
Акылсыз немелер го
+3
samirabi
2020-07-24 12:21:49
Ушу кээ бир врачтардын кайдыгерлиги окундуротЖакшылап текшербей эле кетирип жиберишкенин!Жакшы дагы кеч болуп калбаптыр.
+2
Rifle_I
2020-07-24 12:55:08
samirabi,
Бир врач баарын биле албайт. Мындай травманы хирург же травматолог көрүп коюш керек. Айыл жеринде болгон болсо үй-бүлөлүк дарыгер окшойт.
+1
Rifle_I
2020-07-24 12:54:07
Ичегиси жарылган болсо кантип билбей калды экен?
Врач хирург эмес окшойт, же жаш эми иштеп баштагандар окшойт.
+2
gafurova01
2020-07-24 14:07:12
Окуп эле жүрөгүм зырп этти, кандай таш боор, мыкаачы айбан экен. Айбан десем айбандар да капа болушса керек, биз андай зөөкүр эмеспиз деп
+1
algakaray
2020-07-24 16:47:33
Колу калтырап шал болуп калса экен сабаган неме
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан